Баш бет Албом Таанышуу Билим Оюндар  
жазам

 

Сөз оюну


Калемдештерге калжың

 Калемин кайрап кагазды каймактаткан кайран кана кырдуусунган кыргыз калемгерлери! Кааласаңар 〈K〉ны кылыч кылып, калжың катары кайрылайын. 
Кыргыздар кылымдарды кыйырлап кыдырмайды кыдырган, каңкайган карлуу кырларды кыркалай конуштанган; кадуу-капчыгайлары, кокту-колотторунда карагай-кайың, караган, карагат кашаалаган; калпагын кырдап, кылкыяк, комузун кубулжутуп, кымызын кыйкыртып коюп кылгытып, кыл куйругун кылтылдаткан; кадимки калчаланууга каршы кылчылдашкан кызыл кыргындар, кандуу кагылышууларда кылыч, калкандарын калкылдатып, кабылан каармандары кастарын карышкырдай капшырып, калкты капылетке калтырбай коргогон; кайраткерлик, калыстык, кылдаттыкты, калаберсе кааданы кастарлаган кайрымдуу калк.
Каптал кырларында кайберендер, калаберсе калтар, кулжа, кулаалы, карга-кузгун, каркыра-каздар калкылдаган; короодо кой-котозу, козу-кулундары кочураган; курутун кургатып катык кылган; катын-калач, кыз-кыркынын каатчылыкта калтырбаган казыналууда калк.
Кымбаттуу кызматчы, койчу, котормочу, комузчу, кооздоочу, катчы, кадыресе коңшу-колоң, курбу-курдаш, кары-картаңдардан куралган калың кыргыз калемгерлери!
Калемгерлер калктын казыналарын кырмандай кызылдап, кайра калкка кайтарууга карыздар. Канакей, кырдаалдан, коомдон, коңшулаш калктардын катарынан калбайлы. Карапайым калктын кайгы-кубанычына кайрылып калем кармайлы. Кандайдыр кайбирде каймана кыялга кабылып каламын. Коомдук кайраткерлерди, кажырлуу калемгерлерди кашайтып каккылаган кара курсактыктар качан калаар...?
Кымбаттуу калемдештер! Курдаштарыбызга кайрылып карасак, курулай кыйынсынуу, капчыгынын калыңдыгына каадалануу, картайганда калыстык кылбай кайраткерлерди куужумалдык кылып кагуу; калаберсе карттарга каяшачылдык кылып кырчынында кырчаңгылашуу кубулуштары кыйла каптап калды. Калемгерлер коомдо колдошпосок, калемге калганда канча кабелтеңдигибизге карабастан, кагылып кайдаларда коколой калаберебиз. Кол куушурушпай кол кабыш кылышалы. Курсакта кунубузду кумтулашпай, куунак кучакташалы. Куунаксыздык кубулуштарын корутканда:
(1) кызматташтарга кылтак коюу, куйрук кармоо, кызматта кызганчаактык кылуу, кадырлашпай кажашуу, кызматты кызматка каныктарга карматпай, куюшканы кыйшаймайынча кашайып кадыр-колко кылып, катынын, карындашын, курдашын, кадырнасын кызматка кондуруп коюп коюу кубулуштары.
(2)караңгыда каалгасын каккылашып, кадырнастарынын катындарын капсалаңдатып, капчыгын кагышып, кыйгыл-кычкылды култулдатып кумары канышпай, катылышып кабышуу, коюндаш колуктууларынын кайгы-кубанычына карабай какшатуу кубулуштары.
(3)кыздарын каалаганына кабылтпай, кашайып калыңга каптап, каражаттан кысылган колу кыска куда-кудагыйларды кыйнап карыздокор кылуу, кадимки кап-кайдагы кайчы куда каадаларын кылып, каалашкан курбуларды катынсыз караманча калтыруу, карадалы кыздарын какшатуу, качырыбийип кайра кайгыруу кубулуштары.
(4)калктын казыналарын калктан, калемгерлерден, кызматка кылдаттардан качырып кызгануу, катып-кагуу кубулуштары.
(5)катынынын каржыны каба кармап кажылдап кумсаңдашынан коркуп калем кармайалбастык, колдонмого катталбастык кубулуштары.
(6)кыргызды кыргызга, кандаштарды кандаштарга, кыраандарды картаңдарга кайраштырып кансыктаткан катынча кайбаткорлук, куйтулук, кытмырлык, кошамат кылып кулчулануу; корутканда, кашаңдык, кашкөйлүк, кырчаңгылык катарлуу кубулуштарды калың кыргыз калемгерлери калемибизди курчутуп катуу камчылайлы, кыргыз калкын кайдигерликтен калкалап калалы.
Калктын камында кызакташкан коомдук кайраткерликти, кызматка кылдаттыкты, калкка капчыгындагы казынасынан каңтарып кайрылган кайрымдуулук катарлууларды кош колдоп кубаттайлы. Калемгерлер коомго, кырдаалга, кыргыз калкына, кызматка катыштуу кайчылыктарга кыйдыланган кыз-кыркынга кыйшактагандай кылык кылбайлы. Кыскасы, кырчын кылдат кызматкерлерден, калыс карыялардан куралган калың кыргыз калемгерлери куткулашпай купташалы, кабышпай кадырлашалы. 〈K〉нын калды-каттысын калгандардын да казышына калтырайын, кулакка кыттай куюлган 〈K〉дан кутулдуңар кагылайын калемдештер, кайыр кош!



Адабиятыбызды Аздектейли

 Адабият адамзатты адалдыкка, адамгерчиликке, абийирдүүлүккө айдактоону; адеп-акылаксыздык, арсыздык, айлакерликти адамдар арасынан аластоону; акмактык, ачкөз-алдамкөздүктөй акылсыздыктарды айыптоону аркалаган. Атап айтканда, ал адамдарды аруу-агдарлыкка, адилеттүүлүккө алпарууну аңсайт, адамдарды арамдыктан арачалайт. Асиресе, адабият акыйкаттарын адамдарга ачык-айкын айтат. Алмусактан ал адамдардын акыл азыгына айланган.
Адабиятыбыздын азыркы абалынан алып айтсак, алгачкысынан алдаганча алгалай арымдады, ары асемделди. Алармандардын алкоосуна арзыды. Адабиятчылардын албомуна айланды. Аны айта берүү аркачан ажатсыздыр.
Апыртмалабай аныгын айтканда, азыр деле <<адабиятыбызда>> алсыздыктар арбын. Андай аяк астынан арбыган, айтса-айтпаса адатка айланып алган абалдардан алтоо адабиятчыларыбыздын аңкаруусу ары аянуусуна арзыйт:
1)Акындык арбып, аңгемечилик азаюуда.
2)Акыйкы адабиятчылар азайып, алкоого алынбайтурган, айткандары алсыз ары атиметсиз аңгемечи, акынсөрөйлөр арбып, <<адабиятты>> алармандарынан ажыратууда.
3)Адабиятчыларыбыз, авторлорубуз <<адабиятыбыз>>дын азыркы абалынан, адамдарга арнаганынан алымсынбай атат.
4)Аңгемечи-акындарды аңдуулап, ары алардын айткандарына аралашып алып, асыл арманын, адабият акыйкаттарын айттыракойбостук абалдары арбыгандыктан, алар <<адабиятыбыздагы>> акыйкы алсыздыктарды айтуудан аянууда.
5)Агайындар аракка, аяштар алтынга ашынганынан "Адабият" алгангада азырак ашынбастык абалдары арбын.
6)"Адабият"тагылар акимчиликтин атайын адабиятка арнап айткандарын астайдил аткарбастык ары аңкара албастык; авторлор "Адабияттагыларга" акчыланып, ары аларды адашка айландырып адилдигинен азгыруу, анан алсыз аңгемелерин алдыруу абалдарын айтууга арзыйт. Айтоор, азаматтарыбыз адабияттан ачыркап, "Адабиятыбыз" алармандарынан ажырап атат.
Айткылачы агайындар, алакандай <<адабиятыбызды>> алармандардан, авторлордон ажыратсак, алардын асыл арманын аркалабасак, аласасын алдырбасак ашыбыз адалданабы? Адабиятчылыгы, акындыгы алсыз, алкоого алынбаган амалкөйлөр <<адабиятты>> алаканына алып, аңгемечи, акын атанып алса, <<адабиятыбыз>> алга арымдай алабы? Албетте анте албайт. Андай абалдарды алдырабай, ажылдашып араздашпай алпейим ачык-айкын айтышсак анан азаймак.
Анда <<адабиятты>> алкоого алдыруунун амал айласынан да алтоону айтайын:
1)Адабият алптарыбыз, академиктерибиз, атактуу аңгемечи акындарыбыз, акыл айтар агаларыбыз адабиятка арнаган акылдарын айтуусу, асиресе "Адабият" акылчылары, <<адабияттагылар>> авторлорго арзыгыдай акыл айтуусу, ары айтканын аткаруусу ажат.
2)Алакасыз адамдардын адабиятка аралашып алуусун аёосуз ачаан алалы.
3)Адабияттагы алсыздыктарды аластоодо аркандай айтылат. Ага а деп асылып алсак, азынасак адабиятыбыз атырылып алгалай албайт.
4) "Адабиятта" аты аталбаган, абирок адамдар арасында аябай ардакталган, атактуу атыккан акын-аңгемечилерди <<адабиятка>> аралаштыралы.
5) Азыр <<адабият>> аз-аздап айылдарга арналууда, арналсын-арналбасын апакай асемдеген абзел.
6)Айтматовдой аалам адабият алптарынын аңгемелерин, атайын адабияттан алып айткандарын <<адабиятка>> арнап аралаштырсак, анан алармандар алкайт. <<адабиятты>> ажаттуулукка айландырып, адам алымсынгыдай абалга апкеле алабыз.
Айтоор, адабиятыбызды арабыздагы арсыздык, айлакерлик, ачкөз акчакорлук, араккечтик, асиресе апакай аялдарга азгырылып аяштардан ажырашуудай адаттарды айыптайтурган асыл адабиятка айландыралы.
Адабиятчылар арасында адил атаандаштык арбыса, анан <<адабият>> ансайын асемделип, акийделерин адамдарга арнап ажаттуулукка айланат, аркандай адамга арзыйт. Антпесек алармандар <<адабият>> алгычакты <<аптийек>>ти алат. Адабияты алга арымдагандар айыңдайт.
Аягында ачык айтаарым, адабиятчылыгы алсыздар аброюн айттырбай аясын. <<адабият>> адабиятчылардын аянтына айланууга акылуу. Авторлордун адабиятка актыгын-арамдыгын анык ажыраталы. Аз адам адабиятты алаканга алып алуу арзыбайт.
Агайындар, анда алаканыңарды ачкыла. Ала-тоодогу, артыштагы <<адабият>>тарыбыздын ажары ачылсын, алармандары алкасын, аңсаганыбыз амалга ашсын, амийин алла акбар!




Оюнпоздук

 Оболбек, олжобайлар окууда ортоктоштор эле. Оболбек окутуучусун оорунтпай оорактанткан озот окуучу, олжобай оюнга омсоңдогон, окууда ортоктошторунан озалбай оолактап окутуучусун ормоңдоткон опсуз оюнпоз окуучу эле.
Окутуу орду __ олжобайды оздуралбадың __ деп окутуучудан оорунду. Ошентип окутуучусу олжобайды окууда отуктуралбай, оболу оюндан оолактатууну ойлошту. Ошентседа олжобай оюнга омсоңдоп окутуучуга ооздуктатпай, окуу ожурасынан ойтберип, орозоайтта, октябрьда, областтык обончулар оркестри оюн ойногондо окубай ойноду. Оболу оюнчук, ордо, опоң-чычаң оюндарын онжоңдоп ойнойберип, окуу ожурасында ойгоо отуралбай, окутуучусун оңойсунтуп оолуктурду. Ошентип ойсоктоп оңдуу окубады. Орчундуу окуу-окутуу оокумундада ойноп, орто окуужайына оошоалбады. Ошондо, <'<'олдо окууда окосужок олжобайдын оюнпоздугу-ай!>> деп окутуучусу оолугуп, окуучулар ортосунда олжобайга орфография окуулугун окутту. Олжобай окуулукту онтолоп, ой-дөңдү оттоп окуду. Окутуучусуда окуучулар ортосунда олжобайдын окуудагы олкулуктарын, оюнпоздугун окуп оройлонуп олоктоду. Олжобайды ортого оркойтуп: <'<'окуулукту окубай от отоп, орок ордуңбу?>>деп ормоңдоду. Олжобай ошондо олободой болуп озоңдоду. Оокумга олтуруп ойлонду, окууда осолдошконун, ойнойберип окуусун орундайалбай ойрондоло жаздаганын ойлоду. Ошентип олжобайга окутуучусунун оолукканы орол ойноду.
Олжобай омолгон оюндан обочолонуп, опсуз ойнооктор ойтдеседа ойдолобой олтуруп, окууда огобетер окмуштай озуп, оболбектей окуду. Окутуу орду, окутуучулары, окууда ортоктоштору олжобайдын оңолуп оюндан обочолонуп окууда озгонун ойлошуп озот орунга ойтдеди. Олжобай ошондода олободойболуп оштонгонунан озоңдоду.




Тилкомдун тилегин түшүнөлү


 Тил табийгатты таанытат. Таалим-тарбия, техника, тижарат, таң-тамаша, токтомдошуудай түрдүү-түмөн түйшүктөрдү тике туюнтмак түшүндүрмөк түгүл, татаал турмушту такыр туюнтат.
Теңир-тоонун түндүк, түштүгүндөгү Туугандар, теңтуштар:
Тилди таасын, туура, төп, түшүнүктүү туюнтуу; тыбыштар, тамгалар, точкалар, тырмакчаларды туп-туура түшүрүүнү тилком такуулап турасы түгөндү. Туугандардын тил тартиби тургусунда туруп, туундуларынын точка-тырмакчаларын тууралоосу таза тапка түшпөдү. Тамгаларды таштап, ташымал тартибинен таюусу таза түзөлбөдү. Теңтуштардын тилди таасын туюнтуу таанымы тартыш. Түзөтпөстүктүн түпкү түйүнү түркөйлүктө. Тилин туура туюнталбай туруп тыңдуусуган теңтуштар тилкомдун тилегин туура түшүнсөк. Тубаса тутунган так, татына тилибизди танып, түгөй тамыры түшүнүксүз тышаан тилдерден тырмалап тапкандарыбызды тилибизге таңуулабасак. Тилибиздин төлдүгү, төптүгүнөн туушкан түркү тилдерине терезебизди теңөөгө тынымсыз тырышып; тууганчылап тоо-ташка, төмөнгө түшкөндө төркүндөрүбүзгө, теңтуштарыбызга, тааныштарыбызга тилди туура туюнтуунун тынымсыздыгын терең түшүндүрсөк. Тартип түзөтурган, төмөнгө таалим-тарбияга түшкөн, тажириба тааныштырган, той-тамашаларды тескеген төрагалар да тилди тууралап туюнтуунун түйшүгүн түшүнбөстүк, тоотпостуктай төрөчүлдүктү таштап, тилин так, таасирдүү туюнтууга талаптанса. Талыкканда тапка түшүргөн тилибиздин таламын талашалы. Тилди таза, таасын, төп, түшүнүктүү туюнтуунун таламын талашкан туурачылдарды туш-туштан талабайлы. Тилди туура, төп туюнтууга талпынган талапкер таланттарды тарбиялап такшалдыралы. Тилибизди терең талкуулап тапка түшүрүүнү, телчитүүнү тилчилерибиге еле таштабай, тилмеч, тарыхчы, табып, түрколог, тижаратчы, тигүүчү, төлгөчү, темирчилер да текши түйшөлсө... тыйынга тартышпай, текчелерибизге тил-жазуу туурасындагы туундуларды, томдорду толтуралы. Тантыңдап талашып, тилчилерибизди тажаткан тил туурасындагы талаш-тартыштарды тыптыйпыл тыялы. Такууга тийиштүүсү, талыкпай теше тиктеп тууралоого түйшөлсөк, таңсык табылгаларыбыз, толумдуу туундуларыбызды таасын, төп, туура туюнтууга тасыгабыз. Түспөлдөш түркү тилдердин да түзүк тажирибаларын тилибизге телүүбүз тийиш.